УКМК Арстан Алай диний кастыкты козутуу боюнча кармалганын билдирди

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстан Алай аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутуу боюнча кармалганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Арстан Алай Фейсбук, Инстаграмм социалдык тармактары, Ютуб каналы аркылуу диний кастыкты жана дин аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.

Ал өзүн “Жаңы кудай”. “Куткаруучу” деп атап келет. Анын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда маалымат камтылган китептер, брошюралар табылып, алынгандыгы маалымдалды.     

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев изделип жаткандыгы кабарланган. Социалдык тармактарга жарыяланган маалыматты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы ЖМКга ырастаган.

Маалыматка караганда, Арстан Алай кечээ, 13-декабрда саат 8:30да үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Кара спорттук кийим жана кара түстөгү кроссовки кийип жүргөн.

Арстанбек Абдылдаев – белгилүү ишкер, коомдук ишмер, “Эл үчүн” саясий партиясынын жетекчиси, президенттикке талапкер болгон.

Коомчулукта анын ар кыл афоризмдери айтылып келет.   

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты