Арстан Алай 15-январга чейин камакка алынды

  • 5 месяцев мурун

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 15-январга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Октя,рь райондук соту чыгарды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка»  билдирди.

Мындан ары Арстан Алай Бишкектеги №1абак жайына камалат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстан Алай аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутуу боюнча кармалганын билдирген.

Маалыматта айтылгандай, Арстан Алай Фейсбук, Инстаграмм социалдык тармактары, Ютуб каналы аркылуу диний кастыкты жана дин аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.

Ал өзүн “Жаңы кудай”. “Куткаруучу” деп атап келет. Анын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда маалымат камтылган китептер, брошюралар табылып, алынгандыгы маалымдалды.     

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев изделип жаткандыгы кабарланган. , Арстан Алай 13-декабрда саат 8:30да үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Кара спорттук кийим жана кара түстөгү кроссовки кийип жүргөн.Арстанбек Абдылдаев – белгилүү ишкер, коомдук ишмер, “Эл үчүн” саясий партиясынын жетекчиси, президенттикке талапкер болгон.

Коомчулукта анын ар кыл афоризмдери айтылып келет.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы тараткан. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты