Арстан Алай асылган абалда табылган

  • 4 месяца мурун

Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанылган Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, Арстанбек Абдылдаев 5-январь күнү Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылган.

Мекеменин маалыматында Арстан Алай 28-декабрда «инсандын аныкталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация» деген диагноз коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен №31 түзөтүү мекемесине которулганы айтылат.

«Айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев 29-декабрда №31 СМУга келгенден кийин, дарыгерлерге жүрөктүн маал-маалы менен оорушу, башы ооруп, чыңылдап, ашказандын оорушу (тамактан кийин), тез чарчоо сыяктуу даттануулар менен кайрылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: «Инсандын аныкталбаган психотикалык бузулушу. Жүрөктүн ишемиялык оорусу (CHD). «Өтө коркунучтуу гипертония» жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун консультациясын жана РСБКнын психиатрларынын комиссиялык текшерүүсүнөн өтүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Арстанбек Абдылдаев(Арстан Алай) 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болгону белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты