75чилердин каты: Шаардык соттогу отурум кийинкиге жылдырылды
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 17-августта, Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча сот процесси улантылды. Сот жабык тартипте өтүп, иш кийинкиге жылдырылды.
Адвокаттын айтымында, сот иши Эмил Узакбаевдин адвокаты Ногоевдин жакын туугандары каза болгондугуна байланыштуу отурумга катыша албай, отурумду анын катышуусуз өткөрбөөнү суранган. Сот бул өтүнүчтү эске алып, отурумду жылдыруу чечимин кабыл алган.
Бүгүн, 17-августта, Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча сот иши улантылды.
13-августта Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча аппеляциялык арыздын негизинде сот иши улантылды. Сот катка кол койгон 70 кишини сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.
2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.
Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.
Бул иш боюнча камакта жаткан бешөө Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.
Камчыбек Ташиевдин жана Курманкул Зулушевдин адвокаттары райондук соттун чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган.
Сот иши аппеляциялык арыздын негизинде Бишкек шаардык сотунда каралууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан




