Адвокат: Арстан Алай абакта каза болду

  • 4 месяца мурун

Арстанбек Абдылдаев(Арстан Алай) 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Бул тууралуу адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Адвокат коргоо органдарынын, тергөөчүлөрдүн, соттордун, ИИБнын мыйзамсыз аракеттери адамдын өлүмүнө алып келгенин билдирген:

«Анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн тергөөчү №1 СИЗОго камоону өтүнсө, иш УКМК тарабынан тергелип жатса да, Октябрь соту тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларын бузуп, бул «контролдук иш» деп акырын камакка алып жатат. Ал эми СИЗОнун жетекчилигине анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир нече жолу кат жүзүндө кайрылганыма карабай ушундай болду.
Эмнеге, кимдин көрсөтмөсү менен, качан №31 колонияга которулганы бизге белгисиз», — деп жазган Кайсын Абакиров.

Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстан Алай аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутуу боюнча кармалганын билдирген эле.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты