Үркүн окуясынын 110 жылдыгы: Эскерүү иш-чарасы өттү
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
8-августта Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында жана «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган иш-чара өттү.
Иш-чарада мамлекеттик катчы Арслан Койчиев 1916-жылдагы окуялар элдин эркиндикке, ар-намыска жана өз алдынча мамлекеттүүлүккө болгон умтулуусун чыңдап, бүгүнкү эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхый пайдубалынын калыптанышына өбөлгө түзгөнүн айтты.
Мамлекеттик катчы Кызыл-Дыйкандагы жана «Ата-Бейиттеги» иш-чаралардын тарыхый эс тутумду сактоодогу ордуна токтолуп, Үркүндө курман болгон мекендештердин элеси элдин жүрөгүндө гана эмес, мамлекеттин эсинде жана абийиринде да түбөлүк сакталышы зарылдыгын баса белгиледи.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




