Ак-Сай айылынын тургундары көйгөйлөрүн айтышты

  • 2 года мурун

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен шаарына эвакуацияланган Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту.

Жыйында министр 80 тонна ун министрлик аркылуу Баткен облусуна, анын ичинен 30 тоннасы Баткен шаарына бөлүнөрүн билдирди.

Ошондой эле жыл башынан бери министрлик тарабынан облустун социалдык муктаждыктарына 1 млрд 87 млн ​​сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

 «Мындан тышкары сентябрь айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 млн бөлүнгөн»-дейт министр.

Министр Интернационал айылынын тургундары менен да жолугушуп, аларга гуманитардык жардам тапшырды.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын аскерлеринин агрессивдүү кол салуусунуну натыйжасында Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти.

Сүрөт: Социалдык коргоо жана миграция министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты