Адвокат Самат Матцаковдун иши: Даттануу жарым-жартылай канаттандырылды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун сот процесси эртең, 18-декабрда дагы улантылат.

Бул тууралуу анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

-Самат Матцаковду жаңы кармаган убакта ага туугандарына жана тамак-аш берүүгө уруксат бербей койгону, ал боюнча маалымат бербей койгону боюнча даттануу берилген. Ал даттануу жарым-жартылай канаттандырылды, ал мыйзамсыз жана негизсиз деп табылды. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин114-беренесинин 6-бөлүгүндө так көрсөтүлгөн, бөгөт коюу чарасы тандалгандан кийин анын кайсы убакта, эмне себептен кармалгандыгы, бүгүнкү күндө кайсы жакта кармала тургандыгы тууралуу маалымат туугандарына тез арада берилиши керек. Бирок кылмыш-жаза кодексинин 114-беренесинин 6-бөлүгү аткарылган эмес, бүгүн ошол маселе каралган. Сот аны мыйзамсыз жана негизсиз деп таап, даттанууну жарым-жартылай канаттандырылды. Тергөөчүнүн ошол  мыйзамсыз аракетин, мыйзамсыз жүрүм-турумдарын тартип чарага да тартып берсин дегенибиз четке кагылып калды. Мыйзам бузулганын сот өзү дагы тапты, бирок ал боюнча эч кандай чара көрүлгөн жок. Эртең биз башкы прокурордун биринчи орун басарына даттанабыз, 10:00дө уланат, 1:30 дарда кайра эле тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттерине даттануу берилген. Айтор, тергөөчүнүн бир нече мыйзамсыз аракеттерине даттануулар берилген,-деди адвокат Жаныбеков.

Бүгүн, 17-декабрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун адвокаттарынын тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча арызы каралды.

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.

Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.

Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.  

Сүрөт: Сотто Самат Матцаков. 17-декабрь 2024. «ПолитКлиника»/Нурсулуу Нурдинова

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты