Адвокат Самат Матцаковдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды
- 1 год мурун
Бүгүн, 18-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун иши боюнча соттук процесс 24-декабрга жылдырылды. Анын себеби прокурордун орун басарынын сот отурумуна келбей калышы себепчи болду.
Бул тууралуу соттук отурумду чагылдырууга барган «ПолитКлиниканын» журналисти Нурайым Нурдинова билдирди.
17-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун адвокаттарынын тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча арызы каралды.
Адвокат Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдиргенине караганда, «Самат Матцаковду жаңы кармаган убакта ага туугандарына жана тамак-аш берүүгө уруксат бербей койгону, ал боюнча маалымат бербей койгону боюнча даттануу берилген. Ал даттануу жарым-жартылай канаттандырылды, ал мыйзамсыз жана негизсиз деп табылды».
29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.
Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.
Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.
Буга чейин Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.
Сүрөт: Сотто Самат Матцаков. 17-декабрь 2024. «ПолитКлиника»/Нурсулуу Нурдинова




