Адвокат Матцаковдун иши боюнча сот отуруму 16-январда улантылат

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун иши боюнча сот отуруму 16-январда саат 13:00дө улантылат.

Бул тууралуу сот процессин чагылдырууга барган «ПолитКлиниканын» кабарчысы Нурсулуу Нурдинова билдирди.

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун соттук отуруму өттү. Матцаковдун адвокаты жалпыга маалымдоо каражаттарына видеого тартууга уруксат берүү боюнча өтүнүч келтирди. Судья сот отуруму ачык экенин айтып, бирок өтүнүчтү канааттандырган жок.

Бүгүнкү отурумда башкы прокурордун орун басарынын сот процессине катышпагандыгы, аракетсиздиги боюнча адвокаттардын арыздары каралды.  

Буга чейин Биринчи май райондук соту адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 2-февралына чейин узартуу чечимин кабыл алды.

2024-жылы 27-декабрда Биринчи Май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы каралып, ал өткөн жылы 29-декабрга жылдырылган. Тергөөчү Матцаковдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартууну суранып, сотко арыз менен кайрылган .Ошондой эле соттун жүрүшүндө жактоочулар сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, судьяны четтетүүнү өтүнүшкөн. Бирок өтүнүч четке кагылган.

2024-жылы 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.

Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.

Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ал жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Буга чейин Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.  

Сүрөт: Самат Матцаков сотто. 14-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника»/Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты