Адвокат Матцаковду бошотуу боюнча “Аракеттеги медиа платформа” бийликке кайрылды

“Аракеттеги медиа” платформасы абакка алынган адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, сот жана көзөмөл органдарына кайрылды.

Кайрылууда адвокат Самат Матцаковдун кармалышында көптөгөн мыйзам бузуулар камтылгандыгы айтылат.  

«2024-жылдын 29-ноябрында адвокат Матцаков процессуалдык мыйзам бузуулар көп болгон иш боюнча кармалгандыгын анын жактоочулары айтып жатышат. УКМКнын тергөөчүсү батирди тинтүү учурунда ал коргоп жаткан Имамидин Ташовдун ишине түздөн-түз тиешелүү үн жазгычты жана дисктерди алып койгон. Бул абал Матцаковдун кармалышы ага коюлган айыптарга эмес, анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген негиздүү кооптонууну пайда кылат.

Матцаковду 2024-жылдын 30-декабрына чейин камоо жана СИЗОдо кармоо баш коргоо чарасынын калыстыгы жана тең салмактыгы олуттуу суроолорду жаратат. Самат Матцаков тергөөдөн жашырынуу ниети жок белгилүү юрист. Анын үстүнө ал үч кичинекей баланын атасы, балдардын бири мектепке алып бара турган эч ким жок болгондуктан, сабактан калып жатат. Анын декреттик эс алуудагы жубайы балдарына жалгыз кам көрүүгө аргасыз болууда» деп айтылат билдирүүдө.

Платформа иште мындай көрүнүштөр бар экендигине тынчсызданат:

  1. Олуттуу процессуалдык мыйзам бузуулар бар (Матцаков жетиштүү негиздемелер жок кармалып, жактоочуларына аны менен жолугушууга уруксат берилген жок ж.б.у.с.) бул айыптын негиздүүлүгүнөн күмөн туудурат.
  2. Баш коргоо чарасы тең салмактуу эмес. Жеңилирээк чаралардын ордуна адвокатты эркинен ажыратуу (мисалы, эч жакка чыкпоо жөнүндө милдеттенме) анын үй-бүлөсүнө жана кесиптик ишмердигине негизсиз зыян келтирет.
  3. Матцаковдун кесиптик ишмердиги куугунтукка алуунун себеби болушу мүмкүн, бул укуктук мамлекетте жол берилгис көрүнүш.

Жогорудагылардын негизинде Платформа мындай кадамдарга чакырат:

  • Бишкек шаардык сотун баш коргоо чарасынкамакта кармоодон баш тартып жеңилдетилген түргө өзгөртүүгө.
  • Тергөө органдарын адвокат Самат Матцаковдун күнөөсү боюнча так далилдер жок болсо, аны куугунтуктоону токтотууга.
  • Көзөмөлдөөчү органдарды кармоо жана тинтүүнүн мыйзамдуулугун, анын ичинде айыпка тиешеси жок материалдарды алып коюуну дароо текшерүүгө чакырат.

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.

Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.

Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.   

“Биз адвокат Самат Матцаковдун камакка алынышы жөнүндө кабарды терең тынчсыздануу жана нааразычылык менен кабыл алдык. Бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын адвокаттык ишмердүүлүгүнүн эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүүдө. Бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүүдө. Самат Матцаков жөн гана адвокат эмес. Ал өзүнүн принципиалдуулугу, чынчылдыгы жана коркунучтарга карабай эң аялуу жарандардын укуктарын коргоого даярдыгы менен таанылган адис. Бул окуя көз карандысыз адвокаттарга гана басым көрсөтпөстөн, укук жана адилеттүүлүк нормаларын толугу менен четке кагуунун көрүнүшү болуп калды ” деп айтылат билдирүүдө.   

Ошондой эле билдирүүдө Самат Матцаковдун кармалышында бир катар мыйзамдар бузулгандыгы да белгиленди.

Сүрөттө: Самат Матцаков (ортодо). Интернет булактарынан      

           

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты