Манас шаарында алдамчылыкка шектүү адвокат кармалды

  • 1 месяц мурун

Алдамчылыкка шектелип, адвокат кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бүгүн, 18-июлда, билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Ж.А.Б аттуу жактоочуга чара көрүү үчүн Э.Б.М. кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, адвокат Ж.А.Б. кылмышка шектүү жарандын укугун коргоодо соттогу тааныштарынын жардамы менен оң чечим чыгарып берүү шарты менен анын жубайынан 6 миң АКШ долларын опузалаган.

Адвокат кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү, алдамчылыкка шектелүүдө.  

17-июлда Ж.А.Б. аттуу адвокат опузалаган акчанын 4 миң долларын алып жаткан учурда кармалган. Манас шаардык сотунун чечим менен тергөө аяктагыча камакка алуу чечими чыгарылган.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты