Ош шаарында өзгөчө ири өлчөмдө акча алууга шектүү жактоочу кармалды

Ш.А. аттуу жактоочу Ош шаарынын жашоочусу Г.А.га козголгон кылмыш иштин алкагында, 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында мамлекеттин эсебине төлөнүүгө тийиш болгон 18  миллион сомду башка эсепке которттуруп, ошондой эле Г.А.га кылмыш иштерин козготпоо маселесин чечип берүү үчүн 34 миң АКШ долларын алууга шектелүүдө.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирди.  

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматын тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарында каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн жүрүшүндө, адвокат кызматын аркалаган Ш.А. Ош шаарынын жашоочусу Г.А.га козголгон кылмыш иштин алкагында, 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында мамлекеттин эсебине төлөнүүгө тийиш болгон 18  миллион сомду башка эсепке которттуруп, ошондой эле Г.А.га кылмыш иштерин козготпоо маселесин чечип берүү үчүн 34 миң АКШ долларын алгандыгы аныкталган.

Бирок адвокат  Г.А.га кылмыш ишин козготпоого мүмкүнчүлүгү жок экендигин билип туруп, акча каражаттарын өз кызыкчылыгына коротуп, негизсиз шылтоолор менен бүгүнкү күнгө чейин кайтарып берүүдөн баш тарткан. Натыйжада Г.А.га өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

30-августта шектүү Ш.А. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2026-жылдын 1-сентябрында Ош шаардык соту тарабынан 26-сентябрга чейин камакка алынган.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөттө: айыпталуучу Ш.А. Ош шаардык ИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты