75 кишинин каты: ЖК экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катка тиешеси жок экенин билдирди
- 2 недели мурун
Парламенттин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 75 кишинин катына тиешеси жок экенин билдирди.
“Мен ал катты көргөн да, окуган да эмесмин. Ал учурда Түркияда иш сапарда жүргөм. Бирок ал колдон колго эмес, каттар бөлүмү аркылуу эле келген” деп Тургунбек уулу Биринчи май райондук сотуна бул иш боюнча отурумга кирип бара жатып билдирди.
Бул иш боюнча айыпталган Жогорку Курманкул Зулушев «Бардыгы купуя азыр. Сабыр кылып тургула. Жараян эми башталды, угасыңар. Коюлган айып боюнча менин эч кандай тиешем жок» деп айтты.
Бүгүн, 28-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75 кишинин каты боюнча отурум болду. Ага Улуттук коопсузук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да катышты.
18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.
Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.
12-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароого жиберилген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.
Ички иштер министрлиги бул ишке “жашыруун” деген гриф койгон, буга байланыштуу сот отурумдары жабык өтүүдө.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.
Сүрөт: AKIPRESS




