75чилердин иши: Сот отуруму жабык түрдө улантылууда

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 25-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда, 75чилердин иши боюнча сот отуруму өтүп жатат. Отурум 22-июндагыдай эле, жабык түрдө улантылууда.

Отурумда күбөлөр сурак берип жатканы белгилүү болду. Айыпкерлердин бири — Курсан Асанов көрсөтмө берди.

Сот отурумунун кайрадан жабык режимге өтүшүн соттогу жашыруун күбөлөрдү жана айрымдардын күбө көрсөтмөлөрүн ачыктабоого байланыштуу экендиги айтылган.

Аталган иш боюнча айыпталуучу Курсан Асанов 22-июнда соттун ачык өтүшүн талап кылгандыгы үчүн сот залынан чыгарылып жиберилген.  

18-июнда Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму айыпкерлердин бири—Эмил Узакбаевден саламаттыгына байланыштуу 22-июнга жылдырылган.

15-июнда Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму өттү. Анда күбөлөр сурак берди. Күбөлөрдүн бири- Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева сурак берди.

75 чилердин каты боюнча сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев жана бул иш боюнча камактагылар Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев, Аалы Карашев катышууда.

75чилердин иши боюнча сот отуруму мындан ары ачык өтөт деп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул иш боюнча соттук отурумдан жашырууну грифти алып салган. 22-июнда сот отуруму кайрадан жабык режимде карала турган болду.

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.

Сүрөт: 15-июндагы сот отурумунан. «ПолитКлиника»     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты