Бишкектеги №1 тергөө абагы көчүрүлүүдө
- 29 секунд мурун
- Жаңылыктар
Бишкектеги №1 тергөө абагы жакында шаар сыртына чыгарыларын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
№1 тергөө абагы 1943-жылы курулган, бир нече жыл мурун аны которуу чечими кабыл алынган.
Жаңы абак Төмөнкү Ноорус (мурунку СИЗО-50) айылында жайгашкан. Комплекс 1500 кишиге ылайыкташып, жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт.
25-ноябрда абак көчүрүлүп, ошондон кийин кармалып тургандар которула баштаары маалымдалган.
Сүрөттө: СИЗО-1.
Муну бөлүшүү




