Бишкекте №39 каттамдагы автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүштү

Бүгүн, 25-ноябрда, саат 07:20 чамасында Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектисинде №39 каттамындагы автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Автобус токтоп турган жүк ташуучу унаа менен сөзүштү.

Бишкек шаарынын мэриясынын билдирүүсү боюнча, баштапкы боюнча, Zhongtong үлгүсүндөгү автобусту Э. У. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Жибек Жолу проспектиси менен чыгыш багытында бара жатып, Калинин көчөсүнө жете электе автобус ортоңку тилкеден оң жактагы четки тилкеге өткөн. Натыйжада аталган тилкеде токтоп турган жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн.

Маалыматта айтылгандай, айдоочу тиешелүү текшерүүлөрдүн бардыгын өткөн соң каттамга чыгарылган.  Жүк ташуучу унаанын эч кандай айырмалоочу белгилери жана авариялык жарык сигналдары болгон эмес. Анын аталган тилкеде токтоп турган себеби азырынча белгисиз.

Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда.

Сүрөттө: №39 автобус катышкан жол кырсыгы. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты