Борбордогу унаа тыгыны: Депутат бир катар мекемелердин жумуш убактысынын башталышын эртелетүүнү сунуштады

Бишкек шаарында унаа тыгынынын көйгөйүн жеңилдетүү максатында депутат Дастан Бекешов бир катар мамлекеттик мекемелердин иш күнүнүн башталыш мөөнөтүн эртелетүүнү сунуштады.

-Бишкек шаарындагы унаа тыгыны маселесин нечен жолу талкууладык, бирок чечилген жок. Буга бир сунуш бар, бир нече жыл мурда студенттердин окуу мөөнөтүнүн башталышы саат 10го жылдырылган эле. Дал ошондой эле бир нече министрликтердин жумуш убактысынын башталышын жылдырып көрөлү, жумуш саат 9да эмес, саат 7ге жылдыралы. Алар саат 4тө эле жумушун аяктап, үй-бүлөлүк иштерине да убакыт калтырат, тул тыгындын да азайышына да таасир этет, тыгын кыйла эле азая түшөт, -деди депутат Бекешев.

Бул сунушту депутат бүгүн, 25-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты