Депутат Жаныбек Абиров ресторанда жапырт мушташкандар арасында байкалды
- 1 week мурун
- Видео
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалды.
“Короче” Телеграмм-каналындагы видео тасмада парламент депутаты Жаныбек Абиров жапырт мушташкандар арасында болгону болжолдонгон. Kaktus. mediaга күч түзүмдөрүндөгү жеке булактары жапырт мушташка депутат Жаныбек Абиров да аралашканын билдирген.
Маалыматка караганда, 11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.
Айта кетсек, Жаныбек Абиров 2021-жылы Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан шайланган.
Видео: “Короче” Телеграмм-каналы.
Сүрөт: Видеодон алынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!