Экс-президент Сооронбай Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча сурак берип чыкты

  • 3 года мурун

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча Улуттук коопсуздук комитетине 12-августта сурак берип чыкты.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген учуруна байланыштуу “Кумтөр” иши боюнча күбө катары суралганын билдирди.

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Темир Сариев эки айга, 30-сентябрга чейин УКМК убактылуу абак жайына камалды.

Кыргызстандын мурдагы Президенти Аскар Акаев Москвадан Бишкекке келип, «Кумтөргө» байланыштуу сурак берди жана кайра кайтып кетти.

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, 17-июнда камакка алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты