21 адамдын камалышы: Парламентте ИИМ, Башкы прокуратура өкүлдөрү маалымат берди

Жогорку Кеңеште 23-октябрда 21 саясатчы жана активисттердин камалышы боюнча ИИМ, Башкы прокуратура өкүлдөрү маалымат берди

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 22 адам кармалып, анын бирөөнүн үй камагына чыгарылышы боюнча маалымат берди.

Депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ушунча киши кармалып жаткан окуяга мындайча токтолду:

-Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ушундай окуя болууда. Эмнеге окуяга катышы жок кишилерди да кармап жатышат? 71 жаштагы Асия Сасыкбаева, 63 жаштагы Гүлнара Журабаева кантип бийликти басып алууга даярдансын? Мен ишенбейм, өзгөчө аялдар ушундай ишке барганына ишенбейм,-деди Дастан Бекешев.  

Башкы прокуратуранын өкүлү Турусбек Ишеналиев коюлган айыптардын баары негиздүү деп билдирди.

Депутат Балбак Түлөбаев жашына, аял экенине мыйзамда жеңилдиктер барбы, эгер болсо, улгайып калгандарга жана аялдарга жеңилдик берилишин суранды. Ошондой эле Атай Бейшенбек, Али Шабдан сыяктуу жыйынга катышпагандарды бошотуп коюуну өтүндү. .

Депутат Сейитбек Атамбаев камалгандардын арасында Нурлан Асанбековдун 10 жаштагы кызы үйдө жалгыз калганын, Равшан Жээнбековдун үйүндө ремонт кылып жаткан кишини кармашканын Равшан Жээнбеков айтканын билдирди.

Сейитбек Атамбаев кармалгандар эмнеге таңкы саат 5ке чейин сурак беришкенин билдирди. Эркебек Аширходжаев күнбү-түнбү, ошол күнү каралып бүтүшү керек экенин айтты.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков жарандык коомго орой мамиле болгонун кошумчалады. Анда жарандарга “унчукпай отургула, эркин сөз бүттү” деп айткыла. Аудио жазууга экспертиза керек эле. Сиздер токтотушуңар керек. Эркин коомдо өнүгүү болот. Жаңыча жашабайлыбы, “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”. Маңкурт болбой адам бололу.

Депутат Жалолидин Нурбаев аялдарды, журналисттерди үй камагына чыгаруу сунушун билдирди. Адилеттүү кароону, туура мамиле кылууну айтты. Иш 20-октябрда козголгон. Коомчулукта нааразылык, туура эмес пикирлер жаралып жатканын да эске сала кетти.

Депутат Нуржигит Кадырбеков “абайлаңыздар, мурда да фактылар бар дешчү” деп айтты. Арасында Атай, Эрлан сыяктуу активисттерди камоого далил барбы деп сурады.

Башкы прокуратуранын өкүлү ар бир жаран боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Депутат Гуля Кожогулова кылмыштын алдын алуу боюнча кандай иш алып барып жатканына кызыкты. Ушул кылмыштын алдын алуу боюнча прокуратура органдары иш алып барбаганын айтты.

Депутат Мирлан Самыйкожо тынч жыйындардын өтүшүнө уруксат барбы деп сурады. ИИМдин өкүлү андай жыйындар өтүп жатканын айтты. ИИМ өкүлү тергөө жүрүп жатканына байланыштуу толук маалымат бере албасын дагы эскертти. Кармалган топко Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев, Нурлан аттуу балдар кошулуп калганын да баса белгиледи. -Алар мыйзам менен камалдыбы же буйрук менен камалдыбы?-деп суроо салды. Эркебек Аширходжаев мыйзамдын негизинде камалганын эскертип өттү.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүүгө укуктуубу деген суроо салды. Прокуратура өкүлү иш мыйзам чегинде жүрүшү керектигин белгиледи.   

Депутат Тазабек Икрамов Интернетке жарыяланган курал-жарактар кайдан чыгып жатканына кызыкты. ИИМ өкүлү курал-жарактар чыккандыгы тууралуу маалымат алардыкы эмес экенин айтты. Атай, Эрлан аттуу жигиттердин кайсы берене боюнча камалганына кызыкты. Айрымдарын камабай эле, сурак жүргүзсө болорун айтып өттү.

Депутат Дастан Бекешев эмнеге жөнөкөй жарандарды кармаганда кыйнап кармап, ал эми уюшкан кылмыштуу топторду, коррупционерлерди башкача, жылуу-жумшак кармап жатышканын эскертти.

Депутат Эрулан Көкүлов тинтүү иши жүрүп жатканда видеого тартса болобу деген суроо койду. «Үй ээсине тартууга тыюу жок» деген жооп болду. Депутат Көкүлов Биринчи эле эмнеге видеого тартып жатса, камерага асылышаарын айтты.  Анткени тинтүү иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуп жатасыңар, ошолор билинип калбасын дейсиңер деди «Түз эфирге чыкса болбойт» деди Эркебек Аширходжаев.

Журналисттерди да баңгизат табылды деп кармап, камап, кайра актады. Силер кармагандар да акталып калса, аларга кандай компенсация болоруна кызыкты.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков тергөө менен кызматташкандар барбы деди. «Бирок тергөө менен кызматташуу беренеси алынып салынган» деген жооп болду. «Таштанбеков «Тергөө жүрүп жатканда үзбөй тартыш керек эле,үзүлүп калды, камераңарды жаңыртып койгула» деди ал. 

21 кишинин арасында силердин кызматкериңер да болуп калышы мүмкүнбү деп сурады депутат. ИИМдин өкүлү «купуя сырды сурап жатасыз баары болуп калышы ыктымал» деди.

Депутат Чыңгыз Ажибаев жактоочуларга кылмыш козгоо протоколунун жмнеге берилбей жатканына кызыкты. ИИМ өкүлү бул иш купуя болгондуктан, сот аркылу алышы керектигин белгиледи.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалды.

Адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

24-октябрда Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине акыркы окуялар боюнча маек берип, мындай деген:

— Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен, деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары ал кармалгандардын ишине кийлигише албасын белгилеп, укук коргоо органдары чечим чыгарарын, андан соң кайрылгандарга ырайым берип, камактан бошотууга укуктуу экенин кошумчалады.

Оппозициячыл саясатчылардын жана активисттердин кармалышында мыйзам бузуулар аныкталбаганын ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты