Жалал-Абадда диний экстремисттик уюмдун тогуз мүчөсү кармалды
- 11 месяцев мурун
- Видео
19-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлерине, Сузак районунун 1965-жылы туулган С.Ю. аттуу тургуну диний экстремисттик кылмыш жолуна түшкөнү маалым болгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, аталган окуя боюнча Жалал-Абад облустук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 331-беренеси (диний экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен кылмыш иши козголгон.
“Сузак районунда тогуз дарекке тинтүү жүргүзүлүп, 1965-жылы туулган С.Ю. аттуу жаран “Хизбут-Тахрир” агымынын мыйзамсыз диний экстремисттик сабактары окутулуп, экстремисттик агымдарга үгүттөө иштерин жүргүзүп, жашыруун түрдө уюм түзүп жаткандыгы аныкталган.
Тинтүү жүргүзүү учурунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна таандык 20 китеп, 10 DVD диск, планшет жана флешка, 9 уюлдук телефон далил буюмдар алынган.
2024-жылдын 20-июль күнү Сузак районунун 1961-жылы туулган А.А., 1962-жылы туулган Ш.Д., 1965-жылы туулган С.Ю., 1967-жылы туулган Х.С., Ш.М., У.И., 1969-жылы туулган Ш.П., 1970-жылы туулган Ю.А. жана 1972-жылы туулган А.И. аттуу жарандары кылмышка шектүү катары кармалган” деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн баш корго чарасы эки айга камакка алуу түрү тандалды.
Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.