80 миң АКШ долларын алдоого шектүү кармалды
- 2 года мурун
Президенттин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчисимин деп, 80 миң АКШ долларын алдоого шектүү Бишкек шаарынын 1978-жылы туулган тургуну кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдады.
Ага кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин алдамчылык боюнча А.А. аттуу адамдын арызы боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү 2024-жылдын февраль айында башка бир иш боюнча козголгон кылмыш ишиндеги материалдык чыгымдын ордун толтуруп берем деп, 80 миң АКШ долларын алып жашырынып жүргөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




