№13 округ: Шайлоого талапкер болууга үчүнчү арыз түштү
- 4 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого талапкер болууга үчүнчү жаран арыз берди. Уланбек Асанов «Виртуалдык активдер эмитентинин директорлор кеңешинин төрагасы.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин аяктайт.
Буга чейин Акылбек Арстанбеков, “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун кеңешинин төрагасы талапкер болуу арызын берген. Ошондой эле Эркинбек Маматаев да экинчи болуп, арыз менен кайрылган.
БШК № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




