№13 шайлоо округу: Депутаттыкка талапкер болууга БШКга бир арыз түштү
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутаттарын №13 окрук боюнча кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ бир жаран арыз берди.
Арыз берген жаран Акылбек Арстанбеков, “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун кеңешинин төрагасы.
Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.
БШК № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




