№ 13 округ боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына дайындалды

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.

Бул тууралуу БШК бүгүн, 30-декабрда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды.

№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы токтому менен анык эмес деп таанылган. 

БШК «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 38, 63-беренелерине ылайык, БШК конституциялык мыйзамдын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.

Министрлер кабинети кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды БШКнын чыгымдар сметасына ылайык бөлүп берет.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты