№13 округ: Талапкер болууга дагы бир арыз берилди
- 4 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкер болууга дагы бир жаран арыз берди. Ал -Эркинбек Маматаев, убактылуу иштебейт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин аяктайт.
Буга чейин Акылбек Арстанбеков, “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун кеңешинин төрагасы талапкер болуу арызын берген.
БШК № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




