​ИИМ: Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлиги Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Facebook» социалдык тармагында Мелис Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдын 10-январында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде мурдагы президент С. Жээнбековдон 10 млн АКШ долларын алгандыгын, акча каражатын Кыргыз Республикасынын бардык облустарында шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун айтып чыккан.

Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

2021-жылдын 14-май күнү бул факты ылмыш жана жаза бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты