Беларус иликтөөчүлөр альянсы: Курманбек Бакиев эки паспорт алган. Бакиевдер кантип экиден паспорттуу болушкан?

 

Беларус иликтөөчүлөр альянсы «Лукашенко кантип Беларус паспортторун соодалап жатат: Бакиевдин эки паспорту бар» аттуу жаңы иликтөө жарыялады. Иликтөөдө Кыргызстандын Беларуска качып барган мурдагы президенти Курманбек Бакиев кантип ал жактан эки паспорт алганы, анын бирин Курманбек Бакиев катары алса, экинчисин Закир Салиев катары алгандыгы, бул Бакиевдерге дүйнө жүзүн кыдырууга жана бизнес жүргүзүүгө жардам бергенин аныктап чыкты.

Курманбек Бакиев Беларуска качып барганда өзү гана эмес, 20 чакты туугандарын алып барган. Аларга паспорт Беларус мыйзамын бузуу менен берилгени баяндалат. Беларус иликтөөчүлөрү президент Александр Лукашенко Беларус паспортторун кантип соодалап, Бакиевдерди кантип чет өлкөлөргө саякаттоого жана жеке бизнестерин жүргүзүүгө көмөк берип жатканын ачыкташкан.

Бакиевдердин айрымдары да экиден паспорт алгандыгы аныкталган. Бакиевдер Салиев болуп, ал эми Бакиевдин балдарынын айрымдары Петров (Курманбек Бакиевдин биринчи жубайы Татьяна Бакиеванын кыз кезиндеги фамилиясынан) катары паспорт алышкан. Жаныш Бакиев, Асылбек Салиев да эки паспорт алышкан.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматында, Курманбек Бакиевдин үч аялы болгон, балдарынын айрымдарына Закир Салиев деген паспорт менен документ алган.

Интерпол аркылуу издөөдө болгондугуна карабастан, Беларустан экиден алган паспорттор Бакиевдерге, алардын аялдары жана балдарына Беларустан сырткары, чет өлкөлөргө саякаттоого жана бизнес жүргүзүүгө жардам берип турганы айтылат. Бакиевдер Беларустан 277 жолу чет өлкөлөргө учуп барып келгена айтылат, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттары, Израил, Азербайжан, Украина.  Ал тургай Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Александр Лукашенконун расмий сапарында Бишкекке кошо кантип барып келгени айтылат.

Кененирээк ВИДЕОдо:       

Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Мински шаарында баш калкалап келет. 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган. 

Курманбек Бакиевге карата 2014-жылдын июнь айында  мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан.

Арадан эки жыл өткөндөн кийин 2016-жылы Жогорку сот мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата мурда чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 30 жылдык жаза мөөнөтүнө өзгөрткөн. Жогорку сот бул чечимин кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесине ылайык, алтымыш жашка чыккан адамдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт деген нормага таянып чыгарган.  

Башкы прокуратура 2021-жылы 4-августунда мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алына турганы тууралуу билдирүү тараткан. 2023-жылы 17-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келсе, токтоосуз камала турганын “Кактус.кж” басылмасына дагы бир жолу ырастаган. 

Курманбек Бакиевдин убагында премьер-министр болгон Данияр Үсөнов Беларуста Даниил Урицкий деген ысым менен бизнес жүргүзүп келгенин беларус журналисттери жазган.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты