Балдардын порнографиялык видеолорун таратууга шектелген жаран кармалды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кыргызстанда жаш балдардын порнографиялык материалдарын тараткан сайт түзүүгө шектелип, 35 жаштагы жаран кармалганын билдирди.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигиндеги (ИИМ) Интерполдун Улуттук бюросу Нидерланддын жана Норвегиянын күч органдары менен бирге өлкө аймагында балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана интернет, даркнет аркылуу жайылтуу фактысын аныкташкан.

Милициянын маалыматында айтылгандай, бул сайттарга кирүү крипто-транзакциялар аркылуу ишке ашырылып, аны накталай акчага алмаштырууда кыргыз жараны катышкан. Кармалган шектүүнүн жашаган жерин тинтүүдө техникалык жабдуу, компьютер жана анын ичиндеги файлдардан балдардын порнографиялык материалдары табылды.

Кылмыш жаза кодексинин 162-беренеси («Баланы порнобизнеске тартуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Ички иштер министрлиги балдар көрсөтүлгөн порнографиялык жана баңгизаттарды жарнама кылган сайттар бөгөттөлүп, аларды жайылткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертип келет.

Буга чейин Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөткөн интернет-сайттардын ишмердигине тыюу салынган. Шаардык прокуратуранын доо арызын Бишкектин райондор аралык соту канааттандырып, натыйжада жети сайтка бөгөт коюлган.

Бирок кеңселери жана хостингдери чет өлкөдө жайгашкан жүздөгөн порносайттар миң түркүн жолдор менен Кыргызстанда азыр да ишин улантып келатышат. Кыргызстанда Интернет тараткан 40тай провайдер бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты