Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Исаеванын уулу шектелип кармалды. Маалым болгондой, депутаттын уулу М.А.М (Азис Мырзаев) Камчы Көлбаевдин кылмыштуу иштери тууралуу билип, анын кылмыштуу жол менен тапкан мүлкүн адалдаштыруу үчүн чыныгы ээсинин атын жашыруу максатында  «Лексус LX570» брондолгон унаасын өзүнө каттап, унааны Көлбаев менен анын адамдарына колдонууга берген. Мындан сырткары, жаштар жана спортчулар үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан өткөрүлгөн айрым спорттук иш-чараларды каржылап турган. Ошондой эле, Көлбаев менен  жакын үй-бүлөлүк мамиледе болгондугу айтылат. 

Тергөөнүн жүрүшүндө Азис Мырзаевге таандык көп сандагы мүлктөр, анын ичинде Дубай шаарындагы (БАЭ) «Бизнес Бей» элиталык районунда жайгашкан, баасы 4,5 миллион долларды түзгөн  24 батир аныкталган. “ПолитКлиника” медиасы Азис Мырзаев ээлик кылган компанияларына жана анын айланасындагы күмөндүү жагдайларга кызыгып көрдү. 

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы

Азис Мырзаев деген ким? 

Жогоруда айтылгандай эле, ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Исаеванын уулу. Азис Мырзаевдин аты алгач 2017-жылы коомчулукка белгилүү болгон. Анда Бакиевдердин “Идеал Хаус” элиталык шаарчасын сатып алган “ВостокТехКомплект” ЖЧКсына Азис Мырзаевдин тиешеси бар экени айтылган.  

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 
Азис Мырзаев жана Динара Исаева

Азис Мырзаевдин ысымы дагы бир коррупциялык ишке аралашкан. Белгилүү болгондой, 2005-жылы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жана кыргыз өкмөтүнүн токтомдору менен Азис Мырзаев ээлик кылган “Прайм Строй” ЖЧКсына 20 гектар жер тилкеси акысыз берилген. Аталган компания ал жерге ипотекалык үйлөрдү курушу керек болчу. Бирок, кийин ал жерлерди Азис Мырзаевдин жубайы Юлия Мырзаева 26 кишиге бөлүп сатып жиберген. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул компания Данияр Үсөновго тийиштүү деп билдирген. Анткени, ошол учурда Динара Исаева Данияр Үсөновдун жубайы эле. 

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 
Азис Мырзаев жубайы Юлия Мырзаева менен

Бул ишке байланыштуу соттук иштер аяктап, 2022-2023-жылдары 20 гектар жердин жарымы президенттин иш башкармалыгына, калганы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө кайтарылган.

Күмөндүү жагдайлар

Азис Мырзаев “Ала-Арча” ВИП шаарчасындагы эң чоң хансарайдын ээси экени белгилүү. Бирок ага кылмыш иши козголгонго чейин, 2023-жылдын 1-ноябрында хансарайын өзүнүн апасы Динара Исаевага сатып жиберген. Бул жерде кымбат баалуу хансарайын алдырып жибербөө максатында алып-сатуу амалын көргөнбү деген суроо жаралбай койбойт. Анткени Азис Мырзаев кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелүүдө.

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 
Азис Мырзаев “Ала-Арча” ВИП шаарчасындагы хансарайы

Дагы бир күмөндүү жагдай көңүлүбүздү бурду. 2022-жылы Азис Мырзаев Сокулук районунда жайгашкан “Ак-Куу” канаттуулар фабрикасынын 48% акциясына ээ болгон. 2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз фондулук биржасы Азис Мырзаев өзүнүн акцияларын Нургуль Малабаевага жана Чыңгыз Чолпонбаевге тартуулоо келишими (белек катары) аркылуу өткөрүп бергенин жарыялаган. 

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 
Нургуль Малабаева

Нургуль Малабаева менен Чыңгыз Чолпонбаев Азис Мырзаевдин жакын адамдары деп айтсак болот. Нургуль Малабаева убагында Азис Мырзаевдин “Прайм Строй” компаниясын жетектеп, ал компанияга салык да төлөп жүргөн. Ошондой эле, Нургуль Малабаева Азис Мырзаевдин апасы Динара Исаеванын “Альянс Профит” компаниясын да жетектеген. Ал эми Чыңгыз Чолпонбаев Азиз Мырзаевдин бир тууганы экендигин болжолдоп жатабыз. 

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 
Чыңгыз Чолпонбаев

2019-жылы Жогорку сот Чүй-Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бишкек мэриясы менен жеке тарап ортосунда талаш-тартыш жараткан жер тилкеси боюнча акыркы чечимин чыгарган. Чечимге ылайык, ал жерде сейил бакчасы калыбына келтирилмек. Бирок 2020-жылдан кийин жер тилкеси кайрадан жеке колго өткөн. 

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 

Ал эми 2023-жылдын сентябрь айында аталган жер тилкеси “Престиж Бицентр” ЖЧКсына сатылган. Азыркы учурда бул компания 13 кабаттуу “Prestige Tower” аттуу административдик офистик имарат куруп баштады. Кызыгы, бул компанияга жогоруда аты аталган Нургуль Малабаева ээлик кылат. Компаниянын юридикалык дарегинде Азис Мырзаевдин жубайы Юлия Мырзаевага таандык “Вилла Ви Кафеси” жайгашкан.  

Бул иликтөөдө биз Азис Мырзаев өзүнө карата кылмыш иши козголорго аз убакыт калганда баалуу мүлктөрүн жакын адамдарына сатып, өткөрүп бергенин көрсөтүп бердик. 

Динара Исаева менен Данияр Үсөновдун байланышы

Эсиңиздерде болсо, Динара Исаева 2007-2010-жылдары “Ак-Жол” партиясынан, 2015-жылы “Республика — Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Динара Исаеванын мурдагы жолдошу Данияр Үсөнов Бакиевдердин убагында премьер-министр болгон, 2010-жылкы революциядан кийин өлкөдөн качып кеткен. Кийин Данияр Үсөновго карата бир нече кылмыш иши козголуп, сыртынан соттолгон. Данияр Үсөновду Бишкектин Биринчи май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-пункту жана 305-беренесинин 2-пункту боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ага 2007-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда мыйзамсыз токтом менен Ататүрк паркынан 11,31 гектар жерди тартып алган, муну менен мамлекетке 160 млн. сомдук зыян келтирилген деген айып тагылган. 

2018-жылы Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясынын жетекчиси Даниил Урицкий экени белгилүү болгон. Кызыгы, ал өз мекенинде өмүр бою эркинен ажыратылган Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош эле. Кийин Кыргызстандын бийлиги өлкөдөн качып кеткен Данияр Үсөнов Беларуста башка ат менен жашайт — 2016-жылы ага Даниил Урицкийдин наамына паспорт берилген деген маалымат тараткан. 

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 
Данияр Усөнов башкача айтканда Даниил УрицкийҮ

Данияр Үсөнов өмүр бою эркинен ажыратылганы менен, анын балдары Кыргызстанда жана чет өлкөдө кирешелүү бизнес менен алектенип келишет. Мисалы, Данияр Үсөновдун уулу Мурат жубайы Айзада Үсөнова менен Кыргызстанда жана Дубай шаарында бир нече ресторандарды иштетишет. Мурат Үсөнов Кыргыз улуттук опера жана балет театрында туулган күнүн өткөрүп талкууга түшкөнү менен да белгилүү.

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен 
Кыргыз улуттук опера жана балет театры

Мындан сырткары, “Данияр Үсөновдун баласынын үйлөнүү тою” аттуу темада жарыяланган видеодо Үсөновдордун үй-бүлөсү таажы тагынып сүрөткө түшүп жаткандарын көрүүгө болот. 

Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен  #99799
Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен  #99800
Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен  #99799 (preview)Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелген Азис Мырзаев кармалар алдында мүлкүн сатып жетишкен  #99800 (preview)

«ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты