Кечээ кызматтан алынган Жалал-Абад ОИИБ башчысы Бишкекте жетекчи кызматка дайындалды  

  • 4 недели мурун

Кочкор-Атадагы окуядан кийин кечээ кызматтан алынган Жалал Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ башчысы болуп дайындалды.

Кечээ ички иштер министрлигиндеги (ИИМ) кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин, министрдин буйругу менен Жалал Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматтан бошотулган. Ошондой эле ушул буйрук менен  Жалал-Абад ОИИБдин 13 жетекчи кызматкерине тартип жазалары берилген.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 1-апрелде билдирген.

Жалал- Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факт боюнча видеотасмалар Интернетте тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, ал окуя милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирген.

Министрдин буйругунда «укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузгандыгы, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүгү, шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдондугу» белгиленет.

Ал эми Жалал-Абад облусунун милициясынын экс-башчысы Жеңиш Абитов Бишкек шаарынан жаңы кызматка, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Сүрөттө: Жеңиш Абитов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты