​Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясы боюнча чуулгандуу маалыматтарды айтып чыккан, «опузалап акча талап кылуу» беренеси менен айыпталып абакта жаткан Мелис Аспековго карата дагы бир кылмыш иши козголгону белгилүү болду.


ИИМ тарабынан 14-май күнү Аспековго «добуш сатып алуу» беренеси менен иш козголду.

Мелис Аспеков Садыр Жапаров Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдордон 10 млн доллар алганын айткан.

Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Аспековдун бул сөзүн «жалаа жабуу, каралоо» деп баалап, сотко берээрин билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек дагы «карандай калп» деген пикирин билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты