Кочкор-Атадагы окуядан кийин Жалал-Абад ОИИБ башчысы жана орун басары кызматтан алынды

  • 4 недели мурун

Ички иштер министрлигиндеги (ИИМ) кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин, министрдин буйругу менен Жалал Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматтан бошотулду. Ошондой эле ушул буйрук менен  Жалал-Абад ОИИБдин 13 жетекчи кызматкерине тартип жазалары берилген.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 1-апрелде билдирди.

Жалал- Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факт боюнча видеотасмалар Интернетте тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, ал окуя милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирген.

Министрдин буйругунда «укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузгандыгы, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүгү, шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдондугу» белгиленет.

Кыйноого каршы улуттук борбор 27-мартта Кочкор-Ата базарында шектүүлөрдү кармоодогу милиция кызматкерлеринин ырайымсыз мамилеси боюнча Башкы прокуратурага кайрыла турганын билдирген.

Аталган борбордун билдирүүсү боюнча, кармоодо бери дегенде эки укук бузуу бар, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүлөрдү кармоодо алардын ден соолугуна атайылап залал келтиргени жана бейбаштыкка шектелген жаранды кармоо учурунда ашыкча күч колдонушу ( күч структурасынын атайын багыттагы топ менен кармоосу).

«Облустук ички иштер кызматкерлеринин шектүүнү кармоодо, ага жана уулуна күч колдонушу бери дегенде ырайымсыз, катаал мамиле жасалган деп айтууга болот» деп белгиленди аталган борбордун билдирүүсүндө. 

27-мартта Интернетке тараган видеодон укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир адамды жерге жаткырып алыр кармап жатканын көрүүгө болот. Ошол тапта жаш бала чуркап келип беткапчан адамдарды тээп жиберген.

Милиция кызматкерлери тээп жиберген шектүүнүн уулу да убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жана окуя териштирилип жатканын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүүгө каршы Ноокен райондук милициясына О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-мартта Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерине алты адам зомбулук көрсөткөнүн айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен катталып, иш козголгон. Шектүү, Ноокен районунун тургуну Н.С. аттуу жаран бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок келбей жүргөнү айтылат.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты