«​Садыр Жапаров Жээнбековдордон 10 млн. доллар алды» дегени боюнча Сооронбай Жээнбековдун жана Галина Байтеректин жообу

  • 3 года мурун

Камакта жаткан жарандык активист Мелис Аспеков Садыр Жапаров өзүнүн шайлоо кампаниясына Сооронбай, Асылбек Жээнбековдордон 10 миллион доллар алганын айтып чыккан.


Мелис Аспеков: «Садыр Жапаров Жээнбековдорду камакка ала албайт. Анткени алардан чоң пара алган», — деген социалдык баракчасына жарыялаган катында.

Ошондой эле ал президенттик шайлоо учурунда талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча координатору болуп, үгүт иштери үчүн талапкердин өз колунан 1 миллион доллар алганын, ар бир районго координатор дайындап, аларга берилген акчанын суммасы, алган адамдардын кол тамгалары менен кошо жарыялаган.

Мелис Аспековдун чуулгандуу бул билдирүүсүнө Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Бул карандай калп жана жалган маалымат. Аспеков мындай билдирүүлөрү менен коомду адаштырып жатат. Мындай окуя эч качан болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Анын сөздөрүнө олуттуу маани деле бербеш керек», — деп жооп берди.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков дагы анын айткандарына реакция кылып, жактоочусу Асылбек Көчөров аркылуу Аспековду сотко берээрин билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты