Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган топту кармады
- 4 месяца мурун
Кылмышка шектүү катары жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 7-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Р.С., А.М., Э.Т., Н.П., С.Т., Н.А. аттуу жарандарга чара көрүүнү суранган. Себеби алар 2024-жылдын 6-апрелинде коомдук тамактануу жайларынын биринде уруп-согуп денесине залал келтирип, узак убакытка мыйзамсыз кармап турушканын билдирген.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалагынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда жогоруда аталган кылмышка шектүү катары жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин тартибинде 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
![Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган топту кармады](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/9ce210f9-951b-499f-a676-88367f3f6da1_iuufvl21.jpeg)
![Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган топту кармады](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/c7646546-b0e3-477d-acdc-acfa8ba1d2dc_aeh4nre1.jpeg)
![Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган топту кармады](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/5cd5cdd5-308e-4264-ac00-866ef22ea4e1_hpzlndu1.jpeg)
![Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган топту кармады](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/5a12f22a-5a5d-4998-ae75-65fbc0b69092_hdz1qtd1.jpeg)
![Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган топту кармады](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/42780200-d69c-40d4-8681-a2487750ec22_aees2d81.jpeg)
![Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган топту кармады](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/2708ea09-debf-4a1b-a03c-7e9cd783766c_hyvne3r1.jpeg)
Сүрөттөр: Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы.