Миллиондогон тендерлерди уткан Арзыбек Буркановдун туугандары

2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык акцияларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча, коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир жолу баса белгилейт. Бирок, ага карабастан президенттин жакын досу Арзыбек Буркановдун жакын туугандары Баткендеги жергиликтүү башкаруу органдарында алдыңкы кызматтарды ээлеп, миллиондук тендерлерди утуп жаткандыгын “ПолитКлиника” медиасы аныктады. 

Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкер болгондо Арзыбек Буркановдун тууганы Маманасир Буркановдун баласы Апызов Ильиязбек Маманасирович Жапаровдун шайлоо фондуна 5 млн сом салган. Ал «Евразия-Строй-Сервис» ЖЧКсына ээлик кылат. Юстиция министрлигинин базасына таянсак, аталган компания 2017-жылы кайра каттоодон өтүп, директору жана негиздөөчүсү катары Апызов Ильиязбек Маманасирович көрсөтүлгөн. 

Миллиондогон тендерлерди уткан Арзыбек Буркановдун туугандары

“Евразия-Строй-Сервис” компаниясы bi.open-contracting.org сайтындагы маалымат боюнча 2022-жылы 66 млн 368 миң 400 сомго тендерлерди уткан. Аталган тендерлер: Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын Окуу, медициналык жана илимий комплексин куруу үчүн — 62 млн 652 миң 558 сом, жер казуу иштери (котлован) үчүн — 3 млн 715 миң сом.  Бул компания  жалпысынан 66 млн 368 миң  сомго жакын тендерди уткан. 

“Евразия-Строй-Сервис” компаниясынын жетекчиси Ильиязбек Апызов президент Садыр Жапаров менен жеке тааныштыгы жок экенин, президенттин шайлоо фонддуна 5 млн сомду жардам катары салганын айтты .

Президент  менен эч кандай мамилем жок. Боло турган президентке жардам иретинде, ошол киши президент болуп калса, мамлекетке пайдасы тиет деген эле максатта салгам. Бул жерде эч кандай саясат жок”.

Ошондой эле, тендерлерди өз аракети менен утуп жатканын, тууганы Арзыбек Буркановдун эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. 

Арзыбек Буркановдун дагы бир аталаш тууганы Абдисатар Садыковго тиешелүү “АМИН” ЖЧКсы 2019-2022-жылдар аралыгында жалпысынан 182 млн 858 миң сомго тендерди утуп келген. Бирок тендердин пландаштырылган суммасы 234 млн 429 миң сомду түзгөн. Мисалы, алардын ичинен эң чоң суммага Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында С. Айтматов атындагы 500 орундуу мектептин курулушу тууралуу тендерди утуп алган. Анын суммасы 133 млн сомго жакын болгон. Аталган тендер 2022-жылдын август айында өткөрүлгөн. Бул тендерлерди Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы өткөргөн. Аталган башкармалыктын жетекчиси Жалилов Дүйшөнбек Айтбаевичтин Арзыбек Буркановдун тууганы Абдисатар Садыков менен чогуу түшкөн сүрөттөрү дагы бар.  Ал мурда “Амин” компаниясында иштеп кеткен. 

Миллиондогон тендерлерди уткан Арзыбек Буркановдун туугандары

Абдисатар Садыков өзү дагы Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Жалилов Дүйшөнбек менен дос экенин тастыктады. 

Ал менин досум болот. Бирок Дүйшөн тендерди буга бер, же ага бер деп айта албайт. Ал жерде комиссия бар да. Ал баарын карап чыгып чечет. Бул жерде досумдун эч кандай тиешеси жок”, — деди Абдисатар Садыков. 

Миллиондогон тендерлерди уткан Арзыбек Буркановдун туугандары

Дагы бир чоң суммадагы тендер 2019-жылы июнь айында Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын суу түтүктөрүн оңдоо боюнча өткөрүлгөн. Анын жалпы суммасы 12 млн 700 миң сомду түзгөн. 

Абдисаттар Садыковго тиешелүү “АМИН” ЖЧКсы 2022-жылы июлда Кара-Көл сугат каналын реконструкциялоо боюнча 11,1 млн сомдук тендерди уткан. Ошондой эле, 2020-жылы Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы С. Огата мектебинин аймагына кошумча 4 класстуу имарат куруу боюнча дагы бир тендерди утушкан. Анын суммасы 6 млн 119 миң сомду түзгөн. 

Ошол эле компания 2021-жылы Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу. Тышкы электр энергиясы менен камсыздоо боюнча 6 млн 738 миң сомдук тендерди уткан. 

Абдисаттар Садыков “ийгиликтүү ишкерликтен” сырткары, саясатка дагы кызыгып келет. Ал Баткен шаардык кеңешинде “Ала-Тоо Кыргыз жери” партиясынан депутат болуп шайланган. Баткендеги таасирдүү адамдардын бири болгон Буркановдун тууганы, Баткен шаардык кеңешинин депутаты болуу менен бирге жеке компания иштетип, тендерлерди утуп жатканы кызыкчылыктардын кагылышы болуп жаткан жокпу деген суроону жаратат. 

Биз “Амин” компаниясынын жетекчиси Абдисатар Садыковго байланышканыбызда тендерлерди утуп жатканына Арзыбек Буркановдун эч кандай тиешеси жок экенин, депутат болсо дагы мамлекеттик кызматкер эмес экенин айтты. 

Биз бул маселе боюнча Арзыбек Бурканов менен дагы бир нече жолу байланышууга аракет кылдык. Бирок андан майнап чыккан жок. 

Бурканов президент Садыр Жапаровдун жакын досу

Арзыбек Бурканов президент Садыр Жапаров менен болгон жакын мамилесин ачык эле айтып келет. 2012-жылы катталган «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясына чогуу ээлик кылышкан. Кызыгы, ал партиянын негиздөөчүлөрүнүн курамына Садыр Жапаров менен Арзыбек Буркановдон сырткары, Акматбек Келдибеков, Улукбек Ормонов, Сайдулла Нышанов, Камчыбек Ташиев, Алиярбек Абжалиев дагы кирген. 

Миллиондогон тендерлерди уткан Арзыбек Буркановдун туугандары

2013-жылы Садыр Жапаров анын жакын досу экенин айтса, 2021-жылы Жапаров, “Арзыбек Буркановго мен кандай буйрук берсем ошону гана аткарып жүрдү” деп айткан. Мындан сырткары, Буркановдун Садыр Жапаровдун агасы Жапаров Аскарбек Нуркожоевич менен 2022-жылдын июль айында «Улуу жибек жолу — КККР”  ЖЧКсын катташкан. Ал эми 2021-жылы Садыр Жапаров шайлоого талапкер болгондо Арзыбек Буркановдун аталаш тууганы Маманасир Маманасир Буркановдун баласы Апызов Ильиязбек Маманасирович Жапаровдун шайлоо фондуна 5 млн сом салган. 

Алдыңкы кызмат орундары 

Арзыбек Бурканов президент Садыр Жапаровго кеңешчи болуп келгенден кийин анын бир-туугандары майлуу-сүттүү кызматтарда иштей баштаган. 

Бурканов Нурланбек Орозматович 2021-жылы октябрда Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. 2023-жылы ал кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван РИИБнин начальниги кызматына дайындалган. 

Аталаш тууганы Бурканов Имамназар Апызович 2021-жылдын июнь айында Баткен шаарынын мэри болуп дайындалат. Дагы бир аталаш тууганы Садыков Абдисаттар Сайталиевич Баткен шаардык кеңешинин депутаты. 

Автор: “ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты