Мамлекет жетекчилигине кол салуу даярдоого, Матраимов менен байланышка шектелген кылмыштуу топ мүчөлөрү Азербайжан ИИМине өткөрүлүп берилди

Кыргызстанда кармалган трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча, укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык, 7-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжан ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Мурда кабарлангандай, 22-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Бишкек шаарынын Киев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган Азербайжандын 5 жараны кармалган. Анда Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги да аныкталганы белгиленди.

2024-жылдын 20-мартында «Ак-Жол» автожол көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына Азербайжан Республикасынын 5 жараны, атап айтканда, 1971-ж.т. А.В.С., 1984-ж.т. Б.С.О., 1982-ж.т. А.М.О, 1992-ж.т. Б.Н.О., 1992-ж.т. М.З.О. келип, алар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында  туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан.ы айтылган

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдардын чындыгында эле кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталып, алар Кыргыз Республикасынын жарандарына коркунуч келтиргендиктен, ошондой эле Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык, 2024-жылдын 7-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжан Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты