Орусия ИИМи чет элдиктердин өлкөдө жүрүү мөөнөтүн 90 күнгө чейин кыскартууну пландоодо

  • 4 недели мурун

Орусиянын Ички иштер министрлиги миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырган мыйзам долбоорун иштеп бүттү.

Долбоордо чет элдиктердин өлкөдө визасыз жүрүү мөөнөтүн жылына 90 күнгө чейин кыскартып, биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттендирүүнү сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Ирина Волк билдирди.

Ички иштер министрлиги чет элдиктердин санарип профилдерин, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана чет элдик жумушчулардын реестрин түзүүнү сунуштоодо. Ошондой эле эмгек мигранттарына тек-жайын тастыктаган бирдиктүү документ берүү каралууда. Бул бүгүнкү күндө берилип келген бардык миграциялык документтерди алмаштырат.

Орусияга кирерде чет элдиктер биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан тышкары лоялдуулук келишимине кол коюшу керек болот. Анда мыйзамдарды бузса, өлкөгө кирүү укугу чектелери эскертилет. Мыйзам долбооруна ылайык, соттор менен катар аткаруу бийлиги дагы чет элдик жарандарды Орусиядан чыгара алат.

22-мартта «Крокус Сити Холл» концерттик залында кол салуу болуп, 144 каза киши болду. Тажикстандын төрт жараны теракт жасады деген шек менен кармалды.

Теракттан кийин Орусиянын көптөгөн шаарларында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, чет элдиктерге карата рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлө баштады. Кремлге ыктаган бир катар ишмерлер иммиграция мыйзамдарын катаалдаштырууга чакырышууда.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты