​Шайлоо жана референдум боюнча суроого 1255 номурунан тез арада жооп ала аласыз

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын колл-борбору иштеп жатат.

Жарандар 1255 кыска номуруна чалып, кезексиз президенттик шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна добуш берүүгө катышууга байланыштуу суроолорго жооп ала алышат.

КР БШКнын кызматкерлери жарандарга жооп беришет.

Колл-борбордо иштөө үчүн сырттан келген адистер, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы тартылган.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө, референдум дайындоо каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты