Бир мандаттуу №9 Кара-Суу шайлоо округу: БШК 7 талапкерди каттады

  • 1 месяц мурун

Бир мандаттуу №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча, 31-мартка карата, Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан өттү.    

Бул тууралуу БШК билдирди.

Каттоодон өткөн талапкерлер: Турдубек Орунбаев — жеке ишкер,  Ганишер Бадалов (элдик курултайдын делегаты), Сталбек Ажимаматов — “Евразия — строй групп” фирмасынын директору, Дамирбек Давлянов — ИИМ пенсионери, Руслан Маматов -убактылуу иштебейт, Толкун Эргешов — Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматынын регион аралык башкармалыгынын башчысы, Илимбек Кубанычбеков – Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы.    

№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, ал округдарда шайлоо жарыяланды.  Аталган округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 28-апрелине дайындалды.  

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча да Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалды.

Сүрөттө: БШК имараты. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты