Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 10-декабрда, Жогорку Кеңеш депутаттары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Акылбек Жапаров.

Жалпы жыйында добуш берүү учурунда 64 депутат каттоодон өттү деп саналды.

Мыйзам долбооруна Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова, Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев каршы болду. Өмүрбек Текебаев жана бир катар депутаттар добуш берүүгө катышкан жок.

Президенттин укуктары кеңейтилген мыйзам долбоорун колдогондор Кыргызстанда бийлик жоопкерчилиги күчөй турганын айтып келишет.

Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, болоорун белгилеп жатышат. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштурууда.

2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өткөрүлөрү айтылып келет.

Кечээ, 9-декабрда, парламентте аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты