​Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди

  • 4 года мурун

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди.

Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

БШКнын төрагасы Нуржан Шаилдабекова белгилегендей, мыйзамга ылайык, эгерде Жогорку Кеңеш мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин бир жуманын ичинде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындабаса, анда алар ушул мөөнөттөн кийин эртеси расмий дайындалган деп эсептелет.

«Андан кийин шайлоо комиссиясы эки күндүн ичинде расмий түрдө шайлоонун датасын жарыялайт. Мыйзамдарда алар мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары аяктагандан кийин үч айдын ичинде — 2021-жылдын 16-январына чейин өткөрүлүшү керек деп жазылган », — деди ал.

Нуржан Шилдабекова кошумчалагандай, шайлоо адатта дем алыш күнү болгондуктан, датасын 10-январга белгилөө сунушталды.

БШКнын мүчөлөрү бул сунушту колдошту.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду. Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты