Бир мандаттуу үч шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү эртең аяктайт

  • 1 месяц мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен №2, Кара-Суу №9 жана Ош №7 бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өзүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүүнү каалаган жарандардын документтери 2024-жылдын, 28 март, саат 24:00 чейин кабыл алынаарын эскертти.

Жогорку Кеңештин депутаты болуп Кыргыз Республикасынын жараны, 25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар адам шайлана алат.

Талапкер өзүнүн жеке каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчүнөн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коет. Талапкер бир гана шайлоо округунан көрсөтүлүшү мүмкүн.

Талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди берүү 2024-жылдын 31-марты саат 18:00гө чейин кабыл алынары белгиленди.

Президенттин 2024-жылдын 14-мартындагы жарлыгына ылайык, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 28-апрелине дайындалды. Ошондой эле Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу окурагдарында шайлоо 28-апрелде өтөт.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты