№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир талапкер арыз берди

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке  ниети жѳнүндѳ талапкер Абдугапаров Авазбек арыз берди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 28-мартында аяктайт.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалды.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшырарын жарыялаган. 13-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

22-февралда БШК Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыратты . 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Ошондой эле Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Айбек Осмонов буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде Райымбек Матраимов менен жердеш экенин, бирок эч кандай байланышы жок экенин айткан. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү») боюнча шектелүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты