Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Үч округдан 35 талапкер каттоодон өттү

  • 4 недели мурун

Бир мандаттуу үч шайлоо округу боюнча: №2 Баткен шайлоо округу, №9 Кара-Суу шайлоо округу жана №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттыгына  талапкерлерди каттоо соңуна чыгууда.   

Бүгүнкү күндө 35 талапкер катталды, анын бирөө – аял талапкер.  Шайлоого катышууга 42 талапкер арыз берген, анын арасынан алты талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.   

№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, ал округдарда шайлоо жарыяланды.  Аталган округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 28-апрелине дайындалды.  

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча да Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалды.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшырарын жарыялаган. 13-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.

Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча катталган талапкерлердин тизмеси бул шилтемеде;

Бир мандаттуу №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлердин тизмеси бул шилтемеде;

Бир мандаттуу №7 Ош шайлоо округу боюнча катталган талапкерлердин тизмеси бул шилтемеде

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты