Турсунбай Бакир уулу №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка арыз берди

  • 1 месяц мурун

Кечээ, 26- мартта,  Шайлоо жана референдум өткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 28- апрелде ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Бакир уулу Турсунбайдан арыз келип түшкѳн.

Турсунбай Бакир уулу — мурдагы Акыйкатчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты.

Аталган округдан бардыгы 6 талапкер арыз берди. Алар — Авазбек Абдугапаров, убактылуу иштебейт, Ош МУнун окутуучусу Абдивали Балтабаев, Ош шаар кеңешинин депутаты Максатбек Маматкулов, муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын директору Бекмурза Эргешов, Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 28-мартында аяктайт.

Турсунбай Бакир уулу №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка арыз берди
Турсунбай Бакир уулу №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка арыз берди
Турсунбай Бакир уулу №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка арыз берди
Турсунбай Бакир уулу №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка арыз берди
Турсунбай Бакир уулу №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка арыз берди

Президенттин 2024-жылдын 14-мартындагы жарлыгына ылайык, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 28-апрелине дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты