Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу: Төрт талапкер каттоодон өттү

  • 1 месяц мурун

Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча, 31-мартка карата, Жогорку Кеңештин депутаттыгына төрт талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) каттоодон өттү.   

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

№2 Баткен шайлоо округу боюнча каттоодон өткөн талапкерлер – Бактыяр Калпаев- “Комфорт Хаус” ЖКЧ директору, Асылбек Мадалиев — “Санарип академия” мектебинин мугалими, Жалил Каработоев — пенсионер, Кеңеш Салихов — «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун директору.  

№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, ал округдарда шайлоо жарыяланды.  Аталган округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 28-апрелине дайындалды.  

Ошондой эле № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалды.

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты