​Өлкөдө жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйдү

  • 4 года мурун

2020-жылы январь-март айларында үйбүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 2319 кайрылуу каттаган. Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул 2019-жылдын ушул мезгилине караганда 65% көп. Жабырлануучулардын ичинен 95 пайызы 21ден 50 жашка чейинки аялдар.

Расмий маалыматтар боюнча соңку үч айда үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен сегиз киши өлгөн.

Министрлик билдиргендей, үч айда ден соолукка оор зыян келтирүү боюнча 144, анча оор эмес зыян келтирүү боюнча 105, уруп-согуу боюнча 138 кылмыш иши козголгон. Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 2082 факты административдик беренелер, негизинен майда бейбаштык менен тергелген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму коронавирус пандемиясы башталгандан бери үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн маалымдаган.

Коронавирус жайылышына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты