Түркияда терактка даярдык көрүүгө шектелген кыргызстандык келин депортацияланганы айтылды

  • 4 недели мурун

«Ислам мамлекети» террордук уюмунун атынан теракт даярдаган деген шек менен Стамбулда Кыргызстандын жана Тажикстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу IHA агенттиги билдирди.

Маалыматта Стамбулдун Пендик районундагы жертөлөдө жашынып жашаган 37 жаштагы Фазилжон А. менен 41 жаштагы Зулфия С. куралдуу кол салууга даярданып жатканы, полиция бир канча айдан бери алардын изине түшкөнү айтылат.

Операциянын жүрүшүндө алар жашаган жерде жандармериянын кийимдери, полициянын баш кийимдери, унаа радиолору, бычак жана мылтык, кол салуудан кийин качуу пландары жазылган материалдар табылган.

Сурак маалында кармалгандар терактка даярданышканын моюндарына алышканы айтылып, башка маалымат берилген жок.

Прокуратуранын чечими менен тажикстандык киши камакка алынып, кыргызстандык келин депортацияланды.

Кыргызстандык тышкы иштер министрлиги Стамбул шаарында терактка даярданган деп шектелген Тажикстандын жараны менен Кыргызстан жаранынын кармалышы боюнча КРнын ЖМКларында таратылган маалыматтарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу менен бирге кармалган жарандын жарандыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал эми анын депортацияланганы же депортацияланган эместиги тууралуу ТИМ маалыматында айтылган жок.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты